Адамды өлтүрүп, жерге көөмп койгон. Шектүү кармалды — видео

Адамды өлтүрүп, жерге көөмп койгон. Шектүү кармалды — видео

Чүй облусунда адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 21-ноябрында Ысык-Ата районунун Таш-Башат айылынын аймагында, денесинде ар кандай жаракаттары бар, жерге көмүлгөн, болжол менен 45-50 жаштагы белгисиз адамдын сөөгү табылган.

Соттук-медициналык эксперттин катышуусу менен өлүктү кароо учурунда, ал бычактан көптөгөн жаракат алгандыгы аныкталган.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Бир катар ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө маркумдун өздүгү такталып, ал 48 жаштагы Д.К. аттуу жаран экендиги аныкталган. Ал Бишкектин Октябрь райондук милициясы тарабынан 2022-жылдын 18-октябрынан бери дайынсыз жоголгон жаран экендиги такталган.

«Чүй облустук милициясынын Кылмыш иликтөө башкармалыгы жана Тергөө кызматы, ошондой эле Ысык-Ата райондук милициясынын кызматкерлери тарабынан узак мөөнөттө жүргүзүлгөн комплекстүү ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында бул кылмыш ишине шектүү катары 25 жаштагы Б.Т. аттуу жаран кармалган», — деп айтылат маалыматта.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Тергөөнүн жүрүшүндө бул кылмыш мүлк талашуудан улам келип чыкканы аныкталган. Тергөө уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>