Ош шаарынын мурдагы мэри коррупцияга шектелип кармалды

Ош шаарынын мурдагы мэри коррупцияга шектелип кармалды

Кечээ, 27-майда Ош шаарынын мурдагы мэри 65 жаштагы И.Ж. кызматтык коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

Маалыматта айтылгандай, өкмөттүн токтому менен Ош шаарынын Масалиев проспектисинде жайгашкан бала бакчанын имараты атайын багыттагы объект катары ИИМдин Ички аскерлеринин балансына өткөрүлүп берилген. Чечимге ылайык, мүлк мамлекеттик кызыкчылыкта гана колдонулмак, үчүнчү жактарга сатуу же өткөрүп берүүгө тыюу салынган.

Бирок, буга карабастан Ош шаарынын ошол кездеги мэри И.Ж. мыйзамсыз токтомдорду чыгарып, анын натыйжасында жер тилкеси мамлекеттин менчигинен чыгарылып, коммерциялык объект куруу үчүн жеке колго өткөрүлүп берилген. Бул аймакта кийин мейманкана курулган.

Тергөө иштеринин натыйжасында мамлекетке 72 млн 9 миң сом зыян келтирилгени аныкталып, ал толугу менен кайтарылган.

«Мейманкана жер тилкеси менен бирге мамлекеттин менчигине кайтарылды. Учурда шектүү кармалып, процессуалдык иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Анын жыйынтыгы менен башка тиешеси бар адамдардын аракеттерине юридикалык баа берилет»,- деп билдирди ИИМ.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>