БШК Гүлсүнкан Жунушалиеваны жеке арызынын негизинде депутаттык мандатынан ажыраттыМектеп жетекчилеринен акча талап кылып келген. Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы кармалдыКыргызстанда электрондук капчыктарды расмий түрдө мураска калтыруу пландалуудаЖогорку Кеңештин комитети КОСУнун 15 млрд рублдик жаңы кампусун куруу долбоорун жактырдыЖогорку Кеңештин комитети КОСУнун 15 млрд рублдик жаңы кампусун куруу долбоорун жактырдыТаштанды астындагы кенч: VII кылымдагы тыйын Бишкектин тарыхын жаңыдан жазууда
“Ош-Тазалык” кызматкерлеринин айлыгы көбөйөт
18.01.2022 | 09:02
«Ош-Тазалык» кызматы алдыңкы ишканага айланат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка караганда, көп кабаттуу үйлөрдүн жанаша жайгашкан аймагын тазалоого кошумча 100 жумушчу тартууну шаардык кеңештин депутаттары менен макулдашуу пландалууда. Ош МТУга бардык көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары менен жолугушууларды уюштуруу тапшырылат.
Таштанды төгүүчү полигондо сорттоочу цех да курулат. Мэрия 2022-жылы адистештирилген муниципалдык ишкананын кызматкерлеринин эмгек акысын 50 пайызга көтөрөрүн баса белгиледи. Жыл сайын үч бирдикке чейин заманбап атайын техникаларды сатып алуу пландаштырылууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом