Дастан Бекешев: Мамлекеттик бюджеттен пенсия төлөөгө 44 миллиард сом багытталдыФутбол: Кыргызстандын кыздар курамасы алгачкы жолу CAFA чемпионатында алтын медаль жеңдиМинск Кыргызстандын экономикалык демилгелерин толугу менен колдойтЖапаров Кыргызстандагы кышкы спортту өнүктүрүүдө Ютанын тажрыйбасын колдонууга кызыкдарБишкектин бир бөлүгүндө 22-сентябрда ичүүчү суу өчүрүлөтБоливияда 100 жыл ичинде алгач ирет жапайы мышыктын жаңы түрү ачылды
ОшТУда ректор шайлоо: Бири да өтпөй калды
18.01.2022 | 09:14
Ош технологиялык университетинде ректорду шайлоо өттү. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуу жайдын илим жана инновациялар боюнча проректору Бакытбек Шамшиев жана ректордун милдетин аткаруучу Абдимиталип Сатыбалдиев ректорлукка ат салышты. Шайлоого 439 мугалим катышты. Бакытбек Шамшиевге 71, Абдимиталип Сатыбалдиевге 144, ал эми 221 мугалим “бардыгына каршы” добуш берди.
Жыйынтыгында ОшТУнун ректорун шайлоо өткөн жок деп табылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом