Бишкекте кыргыз-россиялык мектептин курулушу башталды: биринчи имараттын пайдубалы түптөлдүКазакстандагы конституциялык реформа бүткүл Борбордук Азия үчүн тарыхый окуя болду — Кыргызстандын мурдагы элчисиЭми мамлекет жарандардын салык карыздарын банктык эсептеринен түздөн-түз өндүрө алатКРдин Энергетика министрлиги кытайлык компаниялар менен электр кубаттоочу станцияларды өнүктүрүү боюнча кызматташатКыргызстанда киберспортту расмий түрдө таануу сунушталуудаЭксперт Казакстандагы бийликтеги масштабдуу реформа тууралуу айтып берди: бир палаталуу парламент жана вице-президенттик кызмат
Ош жана Таласта ипотекалык үйлөрдүн курулушу башталды
17.07.2024 | 19:00
Ош жана Таласта ипотекалык үйлөрдүн курулушу башталды. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компания билдирди.
Таласта 2 гектар жерге беш кабаттуу 10 блокто 310 батирлүү үй курулат.
Үйлөр курулуп бүткөндөн кийин батирлер мамлекеттик турак жай программасынын катышуучуларына 4 жана 8 пайыздан жарандарга 15, 20, 25 жылдык мөөнөткө ипотекага берилет.
Ош шаарында Курманжан-Датка жана Сүйүмбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы “Асман резиденс №1 Ош” турак жай комплекстин курулушу башталды. Бул жерге 12 кабаттан турган 8 үйдүн курулушу пландалган, батирлердин жалпы саны 528.
Өлкө боюнча 12 659батирдин курулушу жүрүп жатат. «Менин үйүм 2021-2026» турак жай програмамсынын алкагында өлкө аймагында дагы 16 351батирдин курулушу башталат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом