Айга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылды
Ошко Москвадан 282 кыргызстандык кайтып келди
30.07.2020 | 12:08
30-июлда Орусиянын Москва шаарынан кыргызстандыктарды алып келген учак “Ош” аэропортуна келип конду.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, чартердик каттам менен 282 кыргыз жараны учуп келген.
Орусиядан кайткандардын тизмеси атайын комиссия тарабынан жарандардан келип түшкөн арыздардын негизинде түзүлгөн.
Кайтып келгендер Орусиянын ЖОЖдорунда билим алган студенттер, төрөтү жакындап калган жана жаш балалуу аялдар, ошондой эле жакында эле хирургиялык операция жасаткандар, жакындарын жоготкондор болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом