Ошко жаңы вице-мэр келди (РЕЗЮМЕ)

21.09.2021 | 14:06

Ош шаарынын социалдык тармак боюнча вице-мэри болуп Рыскулова Венера Кадышовна дайындалды. Буйрукка Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов 20-сентябрда кол койгон.

Венера Рыскулова 1981-жылы 13-октябрда Өзгөн районуна караштуу Кара-Дыйкан айылында туулган.

РЕЗЮМЕ:
– 2004-2010-ж.ж. – «Фондрегистр» жоопкерчилиги чектелген коомунун Жалал-Абад облусундагы филиалы – директордун орун басары;

– 2014-ж. – Улуттук статистика комитетинин башкы эсептөө борборунун (ГВЦ) тышкы соода жана отун-энергетикалык баланстын статистикасынын маалыматтарын даярдоо бөлүмү – башкы адис;

– 2014-2016-ж.ж. – Улуттук статистика комитетинин башкы эсептөө борборунун (ГВЦ) колдонуучулар менен иштөө жана байланышты камсыз кылуу бөлүмү – бөлүм башчынын орун басары;

– 2016-ж. – Улуттук статистика комитетинин жыйынтыктоо иштери жана маалыматтарды жайылтуу бөлүмү – Пресс-катчы;

– 2016-ж. – Улуттук статистика комитетинин экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгынын улуттук эсептер жана экономикалык баланстар системасы бөлүмү – башкы адис;

– 2016-2017-ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө бөлүмүнө бириктирилген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын ишмердүүлүгүн камсыз кылуу боюнча тобу (Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн иш башкармалыгы) – башкы адис;

– 2017-2018-ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө бөлүмү – референт;

– 2018-2019-ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын көзөмөл жана жарандардын кайрылуулары бөлүмү – Референт;

– 2019-ж.- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын канцеляриясынын регламент жана Өкмөттүн отурумун уюштурууну камсыздоо бөлүмү – Референт;

– 2019-2021-ж.ж. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын канцеляриясынын жарандардын кайрылуулары сектору – Референт;

– 15.04.2021 – бүгүнкү күнгө чейин – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият, спорт жана жаштар саясаты бөлүмү -Эксперт.

Эки жогорку билимдин ээси, Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси.

Scroll to Top