Мэр Болотбековдун бошотулушу боюнча сот билдирүү таратты

Мэр Болотбековдун бошотулушу боюнча сот билдирүү таратты

Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков тергөө аяктаганга чейин эч жакка чыкпоо тил каттын негизинде бошотулду. Бул туурасында Биринчи май райондук соту билдирди.

Маалыматта айтылгандай, иштин материалдарына ылайык, анын өздүгү аныкталган, Бишкек шаарында туруктуу жашаган жери бар, мурда сот жоопкерчилигине тартылган эмес, үй-бүлөдө жалгыз багуучу болуп саналат, багуусунда жашы жете элек төрт баласы бар. Ушул жагдайларды эсе алуу менен эч жакка кетпөө жөнүндө тил кат алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалды.

Ал убактылуу жашаган жеринен тергөөчүнүн, прокурордун, соттун уруксатысыз кетпөөгө, сотко чейинки тергөөгө  тоскоолдук кылбоого, белгиленген мөөнөтүндө чакыруу боюнча келүүгө милдеттендирилди.

Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков Жазык кодексинин 204-беренесинин 2-бөлүгү менен, башкача айтканда алдамчылык беренеси менен шектелип жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>