Бишкек: Жасалма номурлуу унаа табылды

Бишкек: Жасалма номурлуу унаа табылды

18-сентябрь күнү Бишкек шаарынын кайгуул кызматы күндүзгү төрттөрдө Чүй, Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишинен жол эрежесин бузган Hyundai Getz үлгүсүндөгү унаасын токтотушкан.

1993-жылы туулган Ш.Б. аттуу айдоочу өзүнүн унаасынын мамлекеттик номерин жасалма номерге алмаштырып айдап жүргөндүгү аныкталган. Унаанын алдыңкы номери башка, арты башка, документинде такыр башка болгон. Бул туурасында милициянын кайгуул кызматы билдирди.

Учурда унаа айып короодо, ал эми ээси Свердлов райондук милициянын тергөө кызматына жөнөтүлгөн.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>