Ошто №5 тергөө абагына маңзат киргизүүнү уюштурган деп 10дон ашык адам кармалды

Ошто №5 тергөө абагына маңзат киргизүүнү уюштурган деп 10дон ашык адам кармалды

Ош шаарында №5 тергөө абагына кылмыштуу топ тарабынан баңгизат киргизүү каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу Ош шаардык милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, милицияга №5 тергөө абагында отурган адамдар менен эркиндикте жүргөн кылмыштуу топтун өкүлдөрү тергөө абагына баңгизат алып кирип, сатуу менен алектенгендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган маалымат текшерилип, жыйынтыгында тергөө абагына баңгизат алып кирип жүргөн адамдар аныкталган. Ошондой эле №5 тергөө абагында иштегендердин аталган ишке катыштыгы бар же жок экендиги текшерилүүдө.

№5 тергөө абагында отургандар

Териштирүү учурунда №5 тергөө абагында өзгөчө оор кылмыш үчүн отурган 35 жаштагы Тилек Атиев жана мурда баңги кылмыш үчүн камакта отурган Тажикстандын 37 жаштагы жараны Гафур Гафуров тергөө абагына баңгизатты киргизүү кылмышын уюштургандыгы аныкталган.

Аталган тергөө абагында отурган 35 жаштагы Сардорбек Мирзабадалов (мурда бир нече жолу баңгизаттарды сактагандыгы, саткандыгы үчүн соттолгон) уюштуруучулардын тапшырмаларын аткарып, тергөө абагына баңгизатты алып кирүүнү ишке ашырган негизги фигурант болгон. Ага бул ишинде тергөө абагында отурган 26 жаштагы Азаматжон Хамиджанов көмөкчү болгон. Алар телефон аркылуу сырттагы кылмыштуу шериктери менен сүйлөшүп, керектүү салмактагы баңгизаттарды таап, ар кандай майда салмактарга бөлүштүрүп, тергөө абагына алып кирүүнү уюштурган.

Эркиндикте жүрүп, тергөө абагына баңгизат киргизүүнү уюштургандар

Милиция тергөө абагына баңгизатты жеткирип, “почтачы” кызматын аткарган деп 36 жаштагы А.К. аттуу жаранды кармаган. Ал Сардорбек Мирзабадалов менен телефон аркылуу байланышып, айткан жеринен баңгизатты алып, тергөө абагына киргизип турган. Баңгизатты тергөө абагына киргизүүгө аталган жайда жазасын өтөп, чарба бөлүмүндө иштеп жаткан Мансур Юсупов (мурда бир нече жолу соттолгон) жардам берген. Ал экөө тең кармалган.

Андан тышкары тергөө абагына баңгизат киргизип турган бир нече адам кармалган:

  1. “Саня” аттуу каймана аты менен белгилүү Ош шаарынын 30 жаштагы тургуну А.С.;
  2. Ош шаарынын 35 жаштагы тургуну М.И.;
  3. Кара-Суу районунун 43 жаштагы тургуну А.К. (тинтүү учурунда жанынан Афганистанда даярдалган 250 грамм нашаа баңгизаты табылган);
  4. Кара-Суу районунун 36 жаштагы тургуну А.К. Ал өз ыктыяры менен үйүндө мыйзамсыз сакталып турган салмагы 983 граммды түзгөн Афганистанда даярдалган нашаа маңзатын тапшырып берген;
  5. Ош шаарынын 45 жаштагы тургуну М.И.

Кармалгандардын баары — мурда бир нече ирет соттолгондор.

Ошондой эле аталган кылмыш ишинин алкагында №5 тергөө абагында тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Анын жүрүшүндө айрым камералардын ортосунда атайын бири-бирине буюмдарды өткөрүп берүү үчүн тешиктер бар экендиги аныкталган. Анын менен бирге №7, 32, 33, 34, 11, 22 камераларында тинтүү жүргүзүлүп, натыйжада 2 телефон, телефон үчүн бир нече кубаттагыч табылып алынган.

Учурда аталган факт боюнча иликтөө иши уланууда жана ага тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.

Сүрөттөрдө: Тергөө абагына баңгизаттарды киргизүүнү уюштурган жарандар жана аларга таандык буюмдар

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>