Ош облусунда сууга чөгуп кеткен 28 жаштагы адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ноокат районунда 22-июль күнү Кайрагач айылында 1994-жылы туулган К.Э. аттуу эркек киши Найман суу сактагычына чөгүп кеткен.
Бүгүн жерине издөө иштерин жүргүзүүгө ӨКМден 7 куткаруучу, Ноокат райондук №71 өлүмүнөн 5 куткаруучу, жалпы 12 куткаруучу тартылып, саат 11:05те сөөгү табылып туугандарына өткөрүлүп берилген