Аптаптуу ысыкта суу жок. Таш-Дөбөнүн тургундары митингге чыкты

Аптаптуу ысыкта суу жок. Таш-Дөбөнүн тургундары митингге чыкты

Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылынын тургундары бош чакалар менен нааразычылык акциясына чыгышты.

Алардын айтымында, айылда таза ичүүчү суу жок.

“Көптөгөн үй-бүлөлөр 10 күндөн бери суу жок олтурушат. Ушундай ысыкта суу жок кыйналдык”, — дешти алар.

Тургундар таза суу маселеси чечилмейинче жолдун боюна митингге чыга беришерин билдиришти.

Ал эми Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы Таш-Дөбө айыл аймагы таза суу менен камсыз болорун билдирди.

“Чүй облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Женталиев жана Аламүдүн районунун акиминин орун басары Абдыгулов жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Жолугушууда айылды суу менен камсыз кылууга  республикалык бюджеттен 1 миллион сом бөлүнгөнүн билдиришти. Айыл өкмөт менен аталган башкармалык долбоорлоо үчүн тиешелүү документтерди даярдайт. Бардыгы даяр болгон соң, облустук башкармалык тендер жарыялайт”, — деп айтылат маалыматта.

Аны менен катар скважинаны бургулоо иштери жүргүзүлөрүн билдиришти.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: митинг

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>