Ош шаарында ФИФАнын талабына ылайык келген машыгуучу гибриддик футбол талаасын куруу пландалууда. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.
Футбол талаасы «Мээрим» эс алуу багында жайгашат. Аны курууга 55 млн 761,3 миң сом каралган.
Тендер боюнча арыздар 20-майга чейин кабыл алынат.
Ташиев Бишкектеги жаңы стадион кайсы акчага курулуп жатканын айтты (видео)