Ташиев Бишкектеги жаңы стадион кайсы акчага курулуп жатканын айтты (видео)

Ташиев Бишкектеги жаңы стадион кайсы акчага курулуп жатканын айтты (видео)

Бишкектин четинде салына баштаган футболдук стадионду курууга 60 млн доллар жакын акча кетет деп пландалууда. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинин президенти, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Ташиевдин айтымында, стадион 45 миң орундуу болот.

«Президенттин тапшырмасы менен стадион 2 жылдын ичинде курулуп бүтүшү керек. Азырынча так айтыш кыйын, бирок, биздин баамыбызда 45 миң орундуу заманбап стадионду 60 млн долларга жакын акчага куруп бүтөбүз деген оюбуз бар. Мүмкүн андан азыраак же ошонун тегерегинде болот. Ал курулуп бүткөндө билинет», — деди ал.

Ташиев билдиргендей, учурда стадиондун курулушун жүргүзүп жаткан компанияларга 21 млн доллар бөлүндү. Ал коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акча.

«Президенттин тапшырмасы менен акыркы жылдары экономикалык кылмыштарга, коррупцияга, уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш жүргүзүлүп жатат. Уюшкан кылмыштуу топко, коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акчадан (стадиондун курулушуна – ред.) 21 млн доллар бөлүндү. Ал курулуш компанияларынын эсебине түштү. Эгерде алар «акча керек» десе, дагы беребиз. Мүмкүнчүлүгүбүз бар», — деди ал.

Ошондой эле Ташиев учурда өлкөдө талапка жооп берген бир да футболдук стадион жок экенин айтып, быйыл өлкө боюнча 12 стадион оңдоп-түзөлөрүн, 2 жаңы стадион салынарын билдирди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>