Алтын сатабыз деп чакырып, тоноого аракет кылышкан. Чүйдө үч жаран кармалдыАЭС боюнча сүйлөшүүлөр «шашпай жүрүүдө». «Росатомдун» жетекчиси Кыргызстандагы пландар тууралуу эмнелерди айтты?Өспүрүмдөр көзөмөлсүз жабык кабиналарда калууда: Бишкекте «Антикино» жайларында рейд өткөрүлдүӨКМ: Ашууларга кар көчкү түшүүсү мүмкүнПрезидент Ирандагы элчиликтин кызматкерлеринин коопсуздугун камсыздоону тапшырды24-март: Өлкөнүн түндүк аймактарында жаан жаайт
Ошто аба каттамдары кечээтен бери кармалып турат
05.01.2021 | 11:55
Бүгүн, 5-январь күнү, аба-ырайынын шартына байланыштуу (жакшы көрүнбөгөндүктөн) аба каттамдары кармалып жатат. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматынан билдиришти.
«Ош» эл аралык аэропортунда 4-январь саат 18:20дан бери коюу туман турат.
-Бишкек-Ош-Бишкек (2 каттам «Тез Жет» авиакомпаниясынын);
-Ош-Бишкек («Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясы);
-Москва-Ош-Москва («Аэрофлот» авиакомпаниясы);
-Москва-Ош-Москва (2 каттам «Уральские авиалинии» авиакомпаниясынын).
Каттамдар тууралуу маалыматтарды аэропорттордогу сурап-билүү түйүндөрүнөн тактап алуу керек. Ал үчүн байланыш номурлар: 0(312) 693109 и 0(3222) 90101.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом