Ошто алдамчылыкка айыпталып уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Ошто алдамчылыкка айыпталып уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Алдамчылык фактысына шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, апрель айында Араван районунун тургуну милицияга кайрылып, алдамчылыктын курмандыгы болгондугун айткан. Ал 2019-жылы И.А. аттуу жаран анын ишенимине кирип, 150 миң сомун алдап алып алганын, аталган адам каражатты кайтаруу талабын четке кагып, таптакыр ал акчаны бербестигин айткандыгын билдирген.

Бул факты боюнча чогултулган материал КЖБРне катталып, Араван РИИБи
тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренесинин
(Алдамчылык) негизинде сотко чейинки өндүрүш башталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 5-апрелинде Араван районунун жашоочусу 1972-жылы туулган И.А. кармалган. Анын өздүгүн тактоо учурунда ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турары белгилүү болгон.

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>