Кыргызстанда жаш ата-энелерди окутуу боюнча мамлекеттик программа иштелип чыгатЭл аралык энергетика агенттиги Ормуз кысыгы аркылуу мунай жеткирүүдөгү рекорддук үзгүлтүктөн улам чукул жыйын чакыруудаЕАЭБ өлкөлөрүндө кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелери жөнөкөйлөтүлөтЧарчы метр валюта катары: Бишкек бийлиги куруучулар үчүн жаңы эрежелерди иштеп чыгатКазакстандан келген 56 тонна пияз Кыргызстанга киргизилген жокОштогу дарыканадан аткезчилик менен алып келинген дары-дармектер табылды
Ошто аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары “Алтын Балалык” санаториясына жөнөтүлдү
19.06.2022 | 17:52
Кечээ, 18-июнь күнү Ош шаарынын мэриясы турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүүнүн алкагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 25 баласын (анын ичинде жетим жана жарым жетим балдар) Чолпон-Атадагы “Алтын Балалык” санаториясына жөнөтүштү. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Балдар ал жерде 10 күн болуп, аларга керектүү жардам, анын ичинде медициналык жана реабилитациялык колдоо көрсөтүлөт. Бул санаторияга 25 баладан эки агым жөнөтүлөт. Экинчи агым 29-июнда башталат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом