Үйлөнүү тойдо жубайын башка урган күйөө бала жазадан кандайча кутулду? Жооп…

Үйлөнүү тойдо жубайын башка урган күйөө бала жазадан кандайча кутулду? Жооп…

Сурхандарыяда (Өзбекстан) үйлөнүү үлпөт тойдо кызды башка урган күйөө бала жазадан кутулду. Бул тууралуу «Mening Yurtim» телеканалынын Telegram-каналында маалымдалды.

Маалыматка ылайык, кыздын доосу жок болгондуктан сот административдик жазаны колдонгон эмес, ал арыз жазуудан баш тарткан.

Административдик сотто эркек аялынан кечирим сурап, мындай кайталанбасын убада кылган.

«Өзүмдү кармай албай, согуп жибердим. Түшүнбөстүк чечилип, той уланды. Мен келинчегимден кечирим сурадым. Бул экинчи кайталанбайт», — деди ал.

Буга чейин райондук ички иштер бөлүмү жаранга карата Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 183-беренеси (майда бейбаштык) боюнча аиш козгогон. Бирок келиндин дооматы жана анын арызынын жоктугуна байланыштуу сот күйөө балага жаза колдонгон эмес.

Белгилей кетсек, Өзбекстанда күйөө бала үйлөнүү үлпөтүндө кызды башка урган видео социалдык тармактарда тарап, кызуу талкуу жараткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>