Ошто бөтөлкөлөштөрдүн жаңжалы өлүм менен аяктады

Ошто бөтөлкөлөштөрдүн жаңжалы өлүм менен аяктады

Ошто адам өлтүрүүгө шектелип, 48 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери 25-декабрда түндө Ош шаарынын көчөлөрүнүн биринде оор жаракат алып жатып калган адамды көрүшүп, ооруканага жеткиришкен. Бирок ал адам жаракаты оор болгондуктан, ооруканада көз жумган.

Бул окуя боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүп, каза болгон адам Араван районунун 50 жаштагы М.В. аттуу тургуну экени, ошол күнү бир таанышы менен ичип жүргөнү такталган.
Кийин бөтөлкөлөшү Ош шаарынын Н.Т. аттуу тургуну экени, аныкталып кармалган.
Үйү тинтүүгө алынганда кандын издери табылган.

Шектүү кылмышты моюнуна алып, өлтүрүүнү көздөбөгөнүн, экөө мастык менен мушташа кетип, экинчи кабаттын теркичинен түртүп жибергенде маркум катуу жаракат алган окшойт деген оюн айткан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>