Ошто чек арачыларга батирлердин ачкычтары тапшырылды

Бүгүн, 11-ноябрда, Ош облусунда чек арачыларга жаңы кызматтык батирлердин ачкычтары тапшырылды. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ачкыч тапшыруу аземине УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Чек ара кызматынын директору Абдикарим Алимбаев, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышкан.
Жаңы турак жай комплекси Чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын «Карамык» тоолуу жана алыскы чек ара заставасынын аймагында курулган.
Кызматтык үй бир бөлмөлүү 18 жана эки бөлмөлүү 2 батирден турат. Комплекстин аймагында балдар аянтчасы, спорт аянтчасы, көмүр кампасы бар казанкана жана трансформатордук подстанция курулган.
Мындан тышкары, суу сактагыч резервуарлар, анын ичинде өрт коопсуздугу үчүн сактагыч жана саркынды сууларды агызуу системасы каралган. Турак жай комплекси жашылдандырылып, көрктөндүрүлүп, ички жолдор жана унаа токтотуучу жайлар жасалган.
“Долбоордун ишке ашырылышы чек арачылардын жашоо шарттарын жакшыртууга, аскер кызматчыларынын социалдык деңгээлин жогорулатууга жана бийик тоолуу, жетүүгө кыйын аймактарда чек ара инфраструктурасын бекемдөөгө багытталган”,- деп айтылат маалыматта.