Ошто дарыгерлер канцелярдык мык жутуп алган баланы куткарып калды

08.08.2023 | 14:01

Ош облустар аралык балдар ооруканасынын дарыгерлери канцелярдык мык жутуп алган 10 жаштагы баланы куткарып калышты. Бул тууралуу аталган ооруканадан билдиришти.

Маалыматка караганда, канцелярдык мык жутуп алган бала бейтапканага 7-августта түшкөн.

“Бала оң өпкөсүнөн жабыркап, канцелярдык мык бронхага сайылып калган. Оор абалда калган балага тезинен жардам көрсөтүлүп, (дарыгерлер – ред.) аман алып калышты”, – деп айтылат маалыматта.

Баланын өпкөсүндө туруп калган мыкты Анестезиология жана реанимация бөлүмүнүн башчысы Семетей Кочкорбай уулу алып чыккан. Ал акыркы учурда мындай окуялар көп болуп жатканын айтып, ата-энелерди балдарына жакшылап көз салууга чакырган.

[image_carousel source=”media: 195598,195599,195600,195601″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Аксыда жаш бала көзүнө ок жеп, ок мээсинде калып калган. Дарыгер эмне дейт?

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top