Ошто дарыгерлер канцелярдык мык жутуп алган баланы куткарып калды

Ошто дарыгерлер канцелярдык мык жутуп алган баланы куткарып калды

Ош облустар аралык балдар ооруканасынын дарыгерлери канцелярдык мык жутуп алган 10 жаштагы баланы куткарып калышты. Бул тууралуу аталган ооруканадан билдиришти.

Маалыматка караганда, канцелярдык мык жутуп алган бала бейтапканага 7-августта түшкөн.

«Бала оң өпкөсүнөн жабыркап, канцелярдык мык бронхага сайылып калган. Оор абалда калган балага тезинен жардам көрсөтүлүп, (дарыгерлер – ред.) аман алып калышты», — деп айтылат маалыматта.

Баланын өпкөсүндө туруп калган мыкты Анестезиология жана реанимация бөлүмүнүн башчысы Семетей Кочкорбай уулу алып чыккан. Ал акыркы учурда мындай окуялар көп болуп жатканын айтып, ата-энелерди балдарына жакшылап көз салууга чакырган.

Аксыда жаш бала көзүнө ок жеп, ок мээсинде калып калган. Дарыгер эмне дейт?

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>