Аксыда жаш бала көзүнө ок жеп, ок мээсинде калып калган. Дарыгер эмне дейт?

Аксыда жаш бала көзүнө ок жеп, ок мээсинде калып калган. Дарыгер эмне дейт?

Жалал-Абаддын Аксы районунда 9 жаштагы баланы тууганы «тир» куралы менен көзүнө атып алган. Бул тууралуу Reporter.kg’ге облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 2-августта болгон. Ал тууралуу милицияга болжол менен саат 18:00до облустук оорукананын дарыгери кабарлаган. Дарыгер билдиргендей, 9 жаштагы А.К. аттуу баланы Н. аттуу тууганы ойноп жатып «тирдин» мылтыгы менен кокусунан көзүнө атып алган.

Натыйжада А.К. аттуу бала Жалал-Абад облустук ооруканасынын жаш балдарды жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Аталган факт милицияда «кокустук» деп катталып, учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Жалал-Абад облустук балдар ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Гүлчарбын Рахманова Reporter.kg’ге билдиргендей, тирдин огу баланын оң көзүнө тийип, баланын көзү агып калган. Дарыгерлер анын көзүнө операция жасап, инфекциядан тазалашкан. Бирок ок баланын мээсине өтүп кетип, аны алуу жеткинчектин өмүрү үчүн кооптуу болгондуктан, дарыгерлер окту алуу боюнча операция жасашкан эмес. Учурда ок баланын баш сөөгүнүн ичинде калган.

«Учурда бала дарыланып жатат. Абалы жакшы. Туруп, өз алдынча тамак жеп калды. Бирок бул нерсени айтып болбойт, коркунуч дагы деле бар. Алдын ала эч нерсе деп айта албайбыз. Бирок учурда абалы жаман эмес. Кээде дене табы көтөрүлүп жатат», — дейт ал.

Рахманованын айтымында, мээден окту алуу кооптуу болгондуктан, операция учурунда баланын өмүрүнө коркунуч жаралып калышы мүмкүн. Мындай операциянын өзүн Бишкекте да жасоого мүмкүн экени арсар. Бишкектеги дарыгерлер да мээге тийбеш керектигин айтышкан. Мындан улам ок баланын мээсинде өмүр бою калып калышы мүмкүн.

«Ок өмүр бою калып калышы мүмкүн. Тийбеген оң болот», — деди дарыгер.

Ок баланын мээсинде калса, ага терс таасир тийгизбейби деген суроого: «Болушу мүмкүн. Алдын ала эч нерсе айта албайбыз. Кепилдик жок. Бирок ок бир ордунда калып, жылбай туруп калса, мүмкүн жүрө берет”, — деп жооп берди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>