Президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-февралда «Ош-сити» долбоорунун IT-шаарчасынын курулушунун баштоого мезгил кутусун салды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Жапаровдун айтымында, бул долбоордун негизги максаты мамлекеттик саясаттын алкагында аймактарды туруктуу өнүктүрүү болуп саналат.
«Бул масштабдуу долбоорду ишке ашыруу маалында жарандардын жашоо-шартын жакшыртууга жана курулуш, маалымат технологиялары сыяктуу экономиканын негизги секторлорун өнүктүрүүгө өбөлгө түзүлөт. Курулуш учурунда миңдеген жумуш орундары түзүлүп, бир четинен миграциянын деңгээлинин төмөндөшүнө таасир этет. IT-шаарчасы салынып бүткөндөн кийин турак-жай тейлөө, соода жана кызмат көрсөтүү, билим берүү жана саламаттык сактоо, IT-чөйрөсүндө жумуш орундары уюштурулат», — дейт президент.
Жапаров бул долбоордун алкагында жалпы аянты 1 млн чарчы метрди түзгөн, 10 миңден ашык батири менен ири турак-жай комплекси куруларын айтты. Алардын бир бөлүгү жарандарыбыз ипотекалык программа менен сатып алуусу үчүн Мамлекеттик ипотекалык компаниянын балансына өткөрүлүп берилет.
Турак-жайлар энергия үнөмдөөчү системалар жана жогорку ылдамдыктагы интернет менен жабдылат.