Ошто орто жаштагы адамды көчөдөн бычактап кетишти

Ошто орто жаштагы адамды көчөдөн бычактап кетишти

Ош шаарында киши колдуу болгон адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-мартта саат 08:00дө шаардык милицияга Ош шаарынын Күкүм-Бий көчөсүндө денесинде жараты бар белгисиз жарандын сөөгү жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Ал эми жаранды кароо учурунда анын денесинин ич бөлүгүндө бир нече учту нерсенин кирген белгилери бар экендиги аныкталган. Бул факт “адам өлтүрүү” белгилери менен катталып, кылмышка шектүүлөр изделип баштаганы айтылат.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

“Маркумдун болжол менен 30-35 жашта, азиат улутунда. Үстүндө күрөӊ түстөгү свитер, көк түстөгү спорттук шым болгон. Кыска сакалчан”, — деп айтылат маалыматта.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>