Кыргызстандын түштүк калаасында Ош шаарынын мэриясы менен “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасы тарабынан белгиленген баада көмүр сатуучу үч пункт уюштурулду.
Шаар бийлиги тарабынан уюштурулган пункттарда көмүрдүн баасы 1 кг 5 сом (тоннасы 5000 сом).
Арзан баада көмүр төмөнкү даректер боюнча сатылууда:
— «Амир-Тимур» муниципалдык аймактык башкармалыгы С.Айни №80 көчөсү;
— «Туран» муниципалдык аймактык башкармалыгынын мамлекеттик кызмат көрсөтүү бюросу (Дачи кичи району);
— «Жапалак» айылдык аймактык башкармалыгынын Татар айылындагы Т.Уларов №13 көчөсү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз