7-октябрга карата Кыргызстандагы аба ырайынын божомолуБишкектин Асаналиев көчөсүндөгү темир жол өтмөгүндө унаа кыймылы чектелетЭкинчи ата-эненин макулдугусуз. Балдардын чет өлкөгө чыгуусу жеңилдетилиши мүмкүнБишкекте Чүй проспектисинин оңдолгон бөлүгү ачылдыБишкекте жети өлкөнүн компаниялары катышкан эл аралык өнөр жай көргөзмөлөрү өтөтСанитардык талаптарга жооп бербейт: Өзгөн районундагы мал союучу жай жабылды
Кыргызстандык мушкер Азия чемпионатында күмүш медаль утту
07.11.2023 | 20:20
Кыргызстандык мушкер Вадим Баурин Казакстанда өткөн жаштар арасындагы Азия чемпионатында 2-орунду ээледи.
Астанада (Казакстан) 17-18 жаштагы спортчулар арасында турнир өттү. Баурин турнирде 71 килограммга чейинки салмакта күч сынашты.
Алгач Кытайдын Тайбэйинин өкүлүн жеңип, финалга чыгуу үчүн Тажикстандын спортчусун жеңип алды. 3-ноябрда алтын медаль үчүн болгон беттеште кыргызстандык мушкер казакстандык спортчу менен беттешип, ага жеңилип калган.
Баурин 2-орунду ээлеп, күмүш байгеге ээ болду.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт