Ошто митингде кармалгандар бошотулду

Ошто митингде кармалгандар бошотулду

Ош шаарында өткөн митингде кармалгандар бошотулду. Бул тууралуу Reporter.kg’ге аймактык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Төрт жаран милицияга сурак берип, алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин кое берилди.

Белгилей кетсек, шаарда акыркы жекшемби жана дүйшөмбү күндөрү борбордук базардын соодагерлеринин митингги өттү. Алар соода түйүнүн Жапалакка көчүрүлүшүнө каршы чыгып, жаңы базар ачылганча аларга иштөөгө уруксат берүүнү талап кылышты.

Белгилей кетсек, 14-июль күнү Ош катуу сел жүрүп, Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги базарга ашып, ишкерлердин товарларын жана бир аялды агызып кеткен. 19-июль күнү УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ошко барып, эки айдын ичинде соода жайын Жапалакка көчүрүүнү тапшырган.

Мэрия кечээ базар эми Осмонов көчөсүндөгү «Мегаполис» соода түйүнүнүн жанына куруларын кабарлады.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>