Токтогул районунда жаңы мал союучу жай пайдаланууга берилдиАдылбек Касымалиев Шымкентте Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин тар жыйынына катыштыСокулукта 9 жаштагы Нурислам дайынсыз жоголууда27-мартка карата аба ырайыИшкананын каражатын жеке эсебине которуп турган. «Кыргыз почтасынын» мурдагы башкы эсепчиси кармалдыЭкспорттук рекорд: Өзбекстандын тышкы соодасынын көлөмү 35 жылда 18 эсеге өстү
Ошто “никаб” кийип жүргөндөргө эскертүүлөр берилди
08.04.2025 | 16:31
Ош облусунун аймагында дин жөнүндөгү мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, коомдук жайларда “никаб” кийип жүргөн жарандарга эскертүүлөр берилди. Бул тууралуу Ош облустук милициясы кабарлады.
Милиция жарандар тарабынан медициналык көрсөтмөлөрүнө, эмгектенүүсүнө жана кызматтык ишине, спорттук иш-чараларга катышуусуна, маданий, оюн-зоок же башка коомдук иш-чараларды өткөрүүгө байланышкан учурларды кошпогондо, мамлекеттик бийлик органдарынын мекемелеринде жана коомдук жайларда жүзүн толук жашырып жүрүүгө тыюу салынганын билдирди. Бул талапты аткарбагандарга 20 миң сом айып пул салынары эскертилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом