Талас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаСадыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаштыОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылды
Ошто өрттөнгөн карылар үйүнүн ордуна жаңысы салынууда
29.09.2023 | 09:20
Ош шаарында быйыл июль айында өрттөнгөн «Боорукердик» карылар жана балдар үйүнүн ордуна жаңы имарат салынууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
28-сентябрда мэр Бакытбек Жетигенов «Боорукердик» үй-интернаттын жаңы имаратынын курулушу менен жеринде таанышкан. Жаңы имарат 64 орундуу болуп салынууда.
“Калаа башчы улгайган жарандар үчүн бардык ыңгайлуу шарттарды түзүү менен бирге курулушун жумуштарын тез арада бүткөрүү талабын койду”, – деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, быйыл 3-июлда кечинде «Боорукердик» үй-интернатында өрт чыгып, дээрлик 400 чарчы метр аянтты өрт каптаган. Тилсиз жоодон эч ким жабыркаган эмес.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом