Ала-Арча суу сактагычынын жанынан жырткыч куштарды мыйзамсыз кармагандар аныкталдыКасымалиев чек ара жаңжалынан жабыркагандардын турак жай маселелерин толук чечүүнү тапшырдыКазакстандын премьер-министри Олжас Бектенов Кыргызстанга келдиКыргызстанда тогуз айда жол кырсыктарынан 572 адам каза болду, анын 88и жаш балдарАшууларга кар жаап, жолдорго кум-туз аралашмасы себилүүдөЧакан жана орто бизнес 149,6 млрд сом инвестиция өздөштүрдү, өсүш 22,8%ды түздү
Азия оюндары: Дагы бир кыргыз боксчу чейрек финалга чыкты
29.09.2023 | 09:00
Кыргызстандык боксчу Нуржигит Дүйшөбаев Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарынын чейрек финалына чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Спортчу 51 кг салмакта күч сынашууда.
Бокс боюнча мелдеш 24-сентябрда башталып, Нуржигит Дүйшөбаев 1/16 финалдагы биринчи беттешинде иорданиялык спортчуну жеңген.
28-сентябрда 1/8 финалда ал афганистандык мушкер менен беттешип, атаандашы жеңилүү ызасын тарткан.
Эскерте кетсек, буга чейин 63 кг салмакта беттешкен Аскат Култаев чейрек финалга чыккан.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз