Ош шаарында өз жанын кыйган келиндин аты-жөнү такталды. Ал 30 жаштагы А.Н. болгон.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, окуя тууралуу кабар 19-октябрда саат 15:30 чамасында келип түшкөн.
Ыкчам -иликтөө иш -чараларынын жүрүшүндө келин өз апасынын үйүнүн коридорунда жоолук менен асынып алгандыгы аныкталган.
Экспертиза дайындалды. Бул факт өзүн өзү өлтүрүү беренеси боюнча катталган.
Анын артында жашы жете элек үч баласы калды.