Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды15-мартка карата аба ырайы
Ошто өз жанын кыйган өспүрүмдүн өлүмүнө айылдашы шектелүүдө
31.07.2023 | 16:21
Оштун Ноокат районунда 12 жаштагы өспүрүм асынып каза болгон. Баланы өз жанын кыюуга жеткирүүгө шектелип 36 жаштагы айылдашы кармалды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Бул иш боюнча шектүү катары 36 жаштагы А.Н. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.
Учурда тергөө амалдары уланууда.
Жергиликтүү ММКлар жазгандай, 12 жаштагы өспүрүм өлүмүнүн алдында жакындарына кат калтырып кеткен. Анда ал Н. аттуу кошунасы катуу сабаганын билдирген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз