Президенттин Ош жана Жалал-Абаддагы иш сапары аяктады

Президенттин Ош жана Жалал-Абаддагы иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун Жалал-Абад, Ош облустарына жана Ош шаарына болгон жумушчу сапары аяктады. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, өлкө башчы түштүк жергесинде 27-июлдан 31-июлга чейин жумушчу сапарда болду.

«Мамлекет башчы жумушчу сапарынын алгачкы күнүндө Жалал-Абад шаарында жаңы Сот адилеттиги үйүн ачты. Андан соң төрт жаңы суу резервуарынын курулушунун жүрүшү менен таанышып, шаардыктарды бир айдын ичинде таза суу менен толук камсыз кылуу маселесин чечүүнү тапшырган. Ошондой эле өлкө башчы стадиондун курулуш иштери менен дагы таанышты”, — деп жазылат маалыматта.

Президент ошондой эле “Эркечтам” пунктуна, Ош мамлекеттик университетине жана УКМКнын жаңы салынган имараттарына барган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>