Кыргызстанда 430 миңге жакын адам вирустук гепатит менен жашайтДүйнө глобалдык экономикалык кризистин босогосунда турат жана Кыргызстандын ШКУдагы ролу азыр өтө маанилүү — экспертИИМ Тай-Мурас Ташиевге карата кылмыш ишин козгодуОштогу бүтпөй калган курулуш объектилерин Курулуш министрлиги аягына чыгаратДастан Бекешев депутаттарга уруксат берилген ишмердүүлүктүн түрлөрүн тактоону сунуштадыБаткенде 3 миңден ашык тургун таза суу менен камсыз болот
Ошто сел унааны агызып кетип, айдоочусу каза болду
21.04.2024 | 10:27
Ош облусунда жеңил унааны сел суусу агызып, бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, Кара-Кулжа районунун Мырзаке – Кара-Кулжа –Алайкуу унаа жолунун 41-чакырымдарында 1 жеңил унааны сел агызып, унаанын ичинде 1 эркек, 2 аял жана 1 жаш бала болгон ( аты-жөндөрү такталууда).
2 аял кишини жана жаш баланы жергиликтүү тургундар куткарып калышкан. Ал эми унаанын айдоочусун сел агызып кеткен.
Издөө иштерине Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 11 куткаруучу тартылып, ал жарандын жансыз денесин таап, сайдан чыгарышып туугандарына өткөрүп беришкен.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар