Кыргызстандык 10 баланын жүрөгүнө Кытайда акысыз операция жасалды

Кыргызстандык 10 баланын жүрөгүнө Кытайда акысыз операция жасалды

19-апрелде Кытайдын Хэнань провинциясынын көкүрөк хирургиясы ооруканасында жүрөгүнө операция жасалган кыргызстандык 10 баланы ооруканадан чыгаруу салтанаттуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Балдарды ийгиликтүү дарылоо “Эне-балага тирек” фонду менен Хэнань провинциясынын көкүрөк хирургиясы ооруканасынын, ошондой эле Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин кызматташуусунун жана биргелешкен иш-аракеттеринин натыйжасы болду.

Ушул жылдын март айында жүрөк кемтиги менен жабыркаган кыргызстандык балдар ата-энелеринин коштоосунда дарылануу үчүн Чжэнчжоу шаарына (Кытайдын Хэнань провинциясы) келген.

Бул иш-чарага Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Актилек Мусаева катышып, анын жүрүшүндө Кыргызстандын биринчи айымы, «Эне-балага тирек» фондунун жетекчиси Айгүл Жапарованын, Кардиология жана жүрөк трансплантация институту, ошондой эле кыргыз өкмөтүнүн атынан Кытайдын Хэнань провинциясынын элдик өкмөтүнө жана Хэнань провинциясынын көкүрөк хирургиясы ооруканасынын жетекчилигине кыргызстандык балдарга акысыз операция уюштуруп, өткөргөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдирди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>