Кыргызстанда «Кыргыз Туусу» маалымат-басма үйү» мамлекеттик мекемеси түзүлдүКыргызстанда ветеринардык дары-дармектерди каттоодо кагаз документтердин ордуна QR-коду бар электрондук сертификаттар бериле баштайт«Баткен таңы» редакциясынын имараты мамлекетке кайтарылды17-февралга карата аба ырайыКазакстандын жаңы Конституциясынын долбоору: салттардын уландысы жана келечектин стратегиясыБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна жаңы маданий борбор курулат
Ошто тургундан 500 миң сом опузалаган кримчөйрөдөгү адам кармалды
22.11.2023 | 16:48
Ош шаарында опузалап акча талап кылууга шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Белгилүү болгондой, кармалган жаран (И.К.) Ноокат районунун тургунун коркутуп, 500 миң сом опузалаган.
Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (опузалап акча талап кылууга) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү 166 миң сом алып жаткан жеринен Ош шаарынын аймаганынан колго түшүрүлгөн.
ИИМдин маалыматы боюнча кармалган И.К. аларда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат жана буга чейин каракчылык иши боюнча соттолгон.
Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз