Ошто жаңы томография борбору иштей баштады

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын базасында магниттик-резонанстуу томография (МРТ) борбору иштей баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, томография борбору мамлекеттик-жекече өнөктөштүк долбоорунун алкагында “Шаньшуй Силк Роуд КейДжи” ишканасы тарабынан салынган 1 млн доллардан ашуун инвестиция менен курулду.
Долбоордун алкагында имарат толугу менен оңдолуп, 1,5 Тесла кубаттуулуктагы Кытайда чыгарылган uMR 580 үлгүсүндөгү МРТ аппараты орнотулду.
“Буга чейин бул ооруканада өзүнүн МРТ аппараты болгон эмес, жана бейтаптар башка мекемелерге кайрылууга мажбур болушчу. Эми болсо МРТ-диагностика жеткиликтүү болуп, жогорку сапаттагы жана тактыктагы текшерүүдөн өтүү мүмкүнчүлүгүн камсыздайт”,- деп айтылат маалыматта.