«Ош» эл аралык аэропорту Алматы шаарынан алгачкы чартердик каттамды тосуп алды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, «Ош» эл аралык аэропорту бүгүн, 16-февралында «SCAT» авиакомпаниясынын «Алматы-Ош-Алматы» багыты боюнча алгачкы чартердик каттамды тосуп алган. Бул каттам менен Алматы шаарына 142 жүргүнчү учуп кеткен.
Чартердик каттам жума сайын шейшемби күндөрү каттап турат.