Оштогу ишембиликте 950 тоннадан ашык таштанды чыгарылды

Оштогу ишембиликте 950 тоннадан ашык таштанды чыгарылды

Ош шаарында шаарды көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган үч айлыктын алкагында уюштурулган жалпы шаардык ишембилик өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Ишембиликтин жүрүшүндө 6,2 миңге жакын жазы жалбырактуу дарактардын жана 1,3 миңден ашуун ийне жалбырактуу дарактардын көчөттөрү отургузулду. Мындан тышкары 4,5 чакырым сугат тармактары тазаланды.

Санитардык тазалоо иштеринин жыйынтыгы менен «Ош-Тазалык» ишканасынын кызматкерлери тарабынан 2 миң 950 метр куб таштанды чыгарылды, бул 984 тоннаны түзөт.

Жалпысынан ишембиликке 31 миңден ашык шаар тургундары катышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>