Оштогу кафе-ресторандардын санитардык абалы текшерилет

30.06.2022 | 09:06

Ош шаарындагы санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органы кафе-ресторандарын текшерет. Бул тууралуу Оштун мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

«Манас-Ата» кафесинде болгон окуя боюнча мэр Алмаз Мамбетов тиешелүү кызматтарга, анын ичинде укук коргоо органдарына жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдарына тиешелүү тапшырмаларды бергенин мэрия билдирди.

«Бөлүмдөр учурдагы мыйзамдардын алкагында бардык тийиштүү чараларды көрүшөт», – деп баса белгиледи мэриядан.

Белгилей кетсек, буга чейин “Не сахар” программасында “Манас-Ата” кафесинде санитардык жана эпидемияга каршы нормалар, эрежелер сакталбай жатканын көрсөтүшкөн.

Ошондой эле 1-июлдан тарта шаардын санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органы ишкердик субъектилерин, тактап айтканда коомдук тамактануучу жайларында пландуу текшерүүлөрдү жүргүзө баштаары баса белгиленди.

Scroll to Top