ЖРТнын баллы боюнча консультациялар качан болору белгилүү болду

ЖРТнын баллы боюнча консультациялар качан болору белгилүү болду

ЖРТнын баллы боюнча консультациялар 6-июлдан 15-июлга чейин өткөрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана окутуу усулдарын баалоо борбору билдирди.

Алар онлайн жана оффлайн режиминде өткөрүлөт. Бишкекке келе албагандар үчүн дистанциялык консультациялар өткөрүлөт.

«Мында каттоо номеринин жана арыз ээсинин дептеринин номерин толтуруунун тууралыгы текшерилет. Онлайн консультация алуу үчүн 6-июлдан 15-июлга чейин саат 12.00гө чейин 0550664838 WhatsApp номерине чалып, консультанттарга кайрылышы керек», — деп белгилешти борбордон.

Бишкекте жүргөндөр үчүн оффлайн консультациялар өткөрүлөт. Бул үчүн абитуриенттер Билим берүү жана окутуу усулдарын баалоо борборунун кеңсесине (Тыныстанова көчөсү, 98) паспортунун көчүрмөсү менен келип, арызын тапшырышы керек. Белгиленген убакта, ЖРТ сертификатынын түп нускасын жана паспортун жаныңызда алып келүү абзел. Бардык консультациялар 15-июлда түшкө чейин аяктайт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>