Кыргызстанда киберспортту расмий түрдө таануу сунушталуудаЭксперт Казакстандагы бийликтеги масштабдуу реформа тууралуу айтып берди: бир палаталуу парламент жана вице-президенттик кызматЖогорку Кеңеште комитеттердин ыйгарым укуктары кайра бөлүштүрүлөтКыргызстандык мугалим «КМШдагы мыкты педагог» сынагынын жеңүүчүсү болдуСокулук жана Аламүдүн райондорунда Чүй дарыясынын жээгин бекемдөө иштери жүрүүдөМурдагы депутат Шайырбек Ташиев кайрадан суракка чакырылды
Оштогу Учар көрүстөнүн рекультивациялоо иштери башталды
25.08.2025 | 17:18

Ош шаарынын Мамыров көчөсүндө жайгашкан Учар көрүстөнүндө рекультивациялоо иштери башталды. Бул тууралуу шаар мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, көрүстөндүн жалпы аянты 2 гектар 14 сотыхты түзөт. Көрүстөнгө сөөк акыркы жолу 50 жыл мурун, 1975-жылы көмүлгөн. Ал эми алгачкы жолу качан коюлганы белгисиз.
Мэрия азыркы тапта Ош шаарында эски көрүстөндөрдү коомдук муктаждыктар үчүн кайра пайдалануу максатында рекультивациялоо иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом