Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
Өткөн жумада Кыргызстанда 24 миңден ашык жол эрежесин бузган учур катталды
20.10.2025 | 11:41
Өткөн жума ичинде Кыргызстанда жол кыймылынын коопсуздугу боюнча 24 миңден ашуун эреже бузуу катталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 13–19-октябрь күндөрү автоинспекторлор тарабынан 24 миң 566 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталган.
Анын ичинде:
- 1 миң 642 протокол — тийиштүү документтери жок унаа айдаган айдоочуларга;
- 284 айдоочу — мас абалында унаа башкарганы үчүн токтотулган;
- 232 протокол — унаанын айнегин мыйзамсыз караңгылаткандарга;
- 220 айдоочу — жөө жүргүнчүлөрдүн катышуусундагы эрежени бузуу боюнча;
- 3 миң 438 протокол — унааны туура эмес пайдаланганы үчүн;
- 35 айдоочу — авто ээнбаштык үчүн;
- 4 миң 9 айдоочу — ылдамдык чектөөсүн бузганы үчүн;
- 14 протокол — жасалма мамлекеттик номур менен жүргөндөргө;
- 11 миң 939 протокол — башка жол эрежесин бузуу фактылары боюнча түзүлгөн.
Мындан тышкары, өткөн жумада 2 миң 753 унаа айып токтотмо жайына коюлган.
ЖКККББ айдоочулар менен жөө жүргүнчүлөрдү жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырды.