Ош шаарында декабрда балмуздак жана сүт азыктарын чыгаруучу завод ишке киретМурда алты жолу соттолгон жаран баңгизат менен кармалдыКыргызстанда дары-дармектерди сактоо жана ташууга көзөмөлдү күчөтүү көздөлүүдөКыргызстанда 680 сомдон эт сатуучу дагы 100 павильон ачуу пландалуудаУлуттук госпиталдын көз микрохирургия бөлүмүнө 68 млн сомдук медициналык жабдуулар берилдиЖапонияда Борбор Азияны бирдиктүү турпродукт катары илгерилетүү сунушталды
Жапаров ЕАЭБ алкагында баалуу кагаздардын чек ара аралык жүгүртүүсүнө уруксат берүү тууралуу макулдашууну ратификациялады
20.10.2025 | 11:24

Өлкө башчы Садыр Жапаров Евразия экономикалык бирлигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттерде уюштурулган тооруктарда баалуу кагаздарды жайгаштырууга жана жүгүртүүгө чек ара аралык уруксат берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Макулдашууга үстүбүздөгү жылдын 31-январында Алматы шаарында кол коюлган.
Макулдашууну ишке ашыруу:
- эмитенттерге ЕАЭБ алкагында кеңири инвесторлор чөйрөсүнө жетүүгө мүмкүндүк берет;
- баалуу кагаздарды чек ара аралык жайгаштыруу жана жүгүртүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтөт;
- ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин фондулук рынокторунун ликвиддүүлүгүн жана капиталдаштырылышын жогорулатат;
- ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин финансы системаларынын интеграциясын бекемдейт.
Бул макулдашуу ЕАЭБдин алкагында эмитенттер жана инвесторлор үчүн бирдей шарттарды түзүүгө, баалуу кагаздарды жайгаштырууда жана жүгүртүүдө административдик тоскоолдуктарды азайтууга, ЕАЭБдин интеграцияланган каржы рыногун өнүктүрүүгө, ошондой эле инвесторлордун укуктарын коргоону камсыз кылууга багытталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат