2-апрель: Өлкөдө күн ачык болотГуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышат
Оюнчук тапанча менен банкты тономокчу болгон пакистандык жаран кармалды – видео
07.12.2020 | 12:57
Бишкек шаарындагы банктардын бирин тоноого аракет кылган пакистандык жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, 27-ноябрь күнү саат 17:16 чамасында Бейшеналиева көчөсүндө жайгашкан банкка курал көтөргөн чет өлкөлүк жаран кирип, кызматкерлерден акча талап кылып, бирок акча албай эле качып кеткен.
Аталган факты сотко чейинки өндүрүшкө алынып, кылмышка шектүү катары 22 жаштагы пакистандык жаран кармалып, андан оюнчак тапанча табылган.
Ал Ленин райондук соттун чечими менен бир айга камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатканы айтылат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар