Өзбекстанда аял 30 жыл бою СССРдин паспорту менен жашаган

17.03.2026 | 12:56

Өзбекстанда 30 жылдан ашык убакыт бою СССРдин паспорту менен жашаган аялга ID-карта берилди. Кеп Самарканд облусунун 53 жаштагы тургуну Онархол Кубаева жөнүндө болуп жатат. Бул тууралуу өзбекстандык ЖМКлар жазып чыгышты.

«СССРдин акыркы жараны» тууралуу маалымат социалдык тармактарга тараган. Өлкөнүн Юстиция министрлиги түшүндүрмө бергендей, аял 1992-жылы турмушка чыккандан кийин жашаган жерин алмаштырган, бирок эч жакка кайрылбагандыктан документтерин алмаштырган эмес.

Мекеменин маалыматында, Кубаева махалляга да, ички иштер органдарына же ЖААК (ЗАГС) бөлүмүнө да арыз берген эмес, ошол себептүү ал советтик паспорту менен кала берген. Бул жагдай үй-бүлөлүк шарттар жана көңүл бурбастык менен түшүндүрүлдү.

Бул окуя ачыкка чыккандан кийин, Самарканд облусунун юстиция жана миграция органдарынын кызматкерлери ага ыкчам түрдө документтерин даярдап беришти. 2026-жылдын 14-мартында аялга Өзбекстан Республикасынын жаранынын ID-картасы тапшырылды.

Scroll to Top