Өзбекстанда жасалма интеллект боюнча мыйзам кабыл алынды

03.11.2025 | 21:30

Өзбекстандын Олий Мажлиси (парламенти) жасалма интеллектти колдонууга көзөмөл жүргүзүүгө багытталган мыйзам долбоорду кабыл алды. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазууда.

Маалыматка ылайык, жаңы мыйзамда «Информатизация жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган. Документте «жасалма интеллект» терминине расмий аныктама берилет. Мыйзам жасалма интеллект технологияларын маалымат ресурстарын жана системаларын түзүүдө жана пайдаланууда колдонуу боюнча жалпы эрежелерди аныктап, жеке маалыматтарды коргоо чараларын камтыйт.

Мыйзам долбоорунда жасалма интеллектти колдонуп, жарандардын жеке маалыматтарын мыйзамсыз иштеткен же тараткан адамдар менен уюмдарга административдик жоопкерчилик каралган. Мындай мыйзам бузуулар үчүн айып пул салынат, ал эми өзгөчө учурларда 15 суткага чейин камакка алуу чарасы колдонулат. Мындан тышкары, укук бузууда колдонулган техникалык жабдуулар конфискацияланат.

Ошондой эле жасалма интеллект технологиялары колдонулуп түзүлгөн маалымат ресурстарын милдеттүү түрдө белгилөө талабы коюлган.

Scroll to Top