Инсталляциялар, куймактар, концерттер жана мастер-класстар. «Евразия» паркында Масленица кандай белгиленди?Салык кызматы маркетплейстерде соода жүргүзүү үчүн электрондук эсеп-фактуралардын атайын форматын киргиздиБишкекте Ысык-Көл борбор катары көрсөтүлгөн орто кылымдагы карта орнотулатКүн ачык болот: 22-февралдын аба ырайыСадыр Жапаров Тергөө комитетин түзүүнү жарыялап, УКМКга экономикага кийлигишүүгө тыюу салдыШвейцария Кыргызстандагы баштапкы медициналык-санитардык жардам реформаларын колдоону улантат
Өзбекстандык чек арачылар чабанды 702 баш кой менен кармап кеткен
11.05.2023 | 09:00
Жалал-Абад облусунда өзбекстандык чек арачылар тарабынан кармалган чабан Кыргызстанга кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 7-майда Ала-Бука чек ара бөлүмүнүн “Май” чек ара бекетинин башчысына Кара-Үңкүр айылынын тургуну кайрылып, кыргыз-өзбек чек арасына жакын жерде кой жайып жүргөн чабан жоголгонун билдирген.
Чабан Кыргызстандын аймагында изделип, бирок андан майнап чыккан эмес. Ага байлныштуу кыргызстандык чек арачылар өзбекстандык кесиптештерине байланышкан.
Өзбек тарап чабан алардын аймагына өтүп кеткен койлорун айдап кетүүгө аракет кылганда, чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн кармалганын билдирген.
9-майда эки өлкөнүн чек арачылары жолугуп, чабан менен 702 баш кой кайтарылган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз