Ысык-Көлдө туристтик көргөзмө-жарманке өтөт

Ысык-Көлдө туристтик көргөзмө-жарманке өтөт

13-майда Чолпон-Ата шаарында Issyk-Kul ITF 2023 эл аралык туристтик кѳргѳзмѳ-жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, иш-чара Ч.Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий борборунда өтөт.  Көргөзмө–жарманкенин катышуучулары туристтик компаниялардын, пансионаттардын, конок үйлөрүнүн жана туризм чөйрөсүндө иш жүргүзгөн уюмдардын товарлары жана кызмат көрсөтүүлөрү менен тааныша алышат, ошондой эле этно оюндарга, кол өнөрчүлөрдүн мастер-класстарына катышып, маданий программаны көрө алышат.

«IITF 2023 – бул жыл сайын эл аралык туристтик компаниялардын, туроператорлордун, агенттиктердин, туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик түзүмдөрүнүн, авиакомпаниялардын, эл ташуучу компаниялардын, мейманканалардын жана медиа сектордун өкүлдөрүнүн жолугушуучу жери.

Issyk-Kul ITF – 2023 эл аралык көргөзмө-жарманкесинин максаты өлкөнүн туризм чөйрөсүн өнүктүрүү, өлкөлөрдүн туристтик бизнестеринин ортосундагы кызматтык байланыштарды түзүү, туризм дараметин эл аралык рынокто илгерилетүү, эс алуу жана ден-соолукту чыңдоо үчүн чет өлкөлүк туристтерди тартуу, ошондой эле Кыргызстандын туризм тармагына инвестиция тартууга көмөктөшүү болуп саналат«, — деп билдирет министрлик.

Ошондой эле, аталган көргөзмө-жарманкенин алкагында 2023-жылдын жайкы туристтик мезгилинин расмий ачылышына старт берилет.

Кирүү акысыз.

Дареги: Чолпон-ата шаары, Рух Ордо

13-май, саат 10:00дө башталат

Катышуу боюнча суроолор: 0558 707 807

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>